Активист Мавлян Аскарбеков эки жылга соттолду

Активист Мавлян Аскарбеков эки жылга соттолду

Абактагы саясатчы Мавлян Аскарбеков эки жылга соттолду. Мындай өкүмдү 29-сентябрда Бишкектин Ленин райондук соту чыгарды.

Аскарбековго Фейсбуктагы билдирүүсүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып тагылган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кылмыш иши боюнча маалымат бере элек.

Аскарбеков тагылган айыптарды мойнуна албасын билдирип келет.

Ал кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон.

Арча медиа
10:37, 30-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар