Президенттик шайлоо: Шайлоочулар аралыктан добуш бере алышат

Президенттик шайлоо: Шайлоочулар аралыктан добуш бере алышат

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров парламенттик шайлоодо колдонулган аралыктан добуш берүү системасы президенттик шайлоо учурунда дагы колдонула турганын билдирди.

“Мурунку президенттик шайлоодо андай жок эле. Мунун максаты катышуучулардын санын жогорулатуу. Андан сырткары, Жогорку Кеңеште байкоочуларга коомдук палата ачуу демилгеси көтөрүлдү. Ага ылайык, бир имаратта атайын зал уюштуруп, каалаган жаран каалаган шайлоо тилкесин ачып, шайлоо процессин көргөнгө мүмкүнчүлүк түзүүнү карап жатабыз”, — деди ал. 

Ошондой эле Шайназаров шайлоонун жумушчу күнгө белгиленгенин жумушчу күнү шайлоо өткөрүлгөн мамлекеттерде катышуу жогору болгону байкалганын белгиледи.

Арча медиа
17:30, 28-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар