Парламент президенттик шайлоонун күнүн белгиледи

Жогорку Кеңеш 24-сентябрдагы отурумунда президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом долбоорун кабыл алды. Документке 86 депутат “макул” деп добуш берди.

Президент Садыр Жапаров июль айынын аягында мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан өлкө жетекчисинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон.

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек.

 

12:19, 24-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар