Жапаров Путинди Мамдумага шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү.
"Сиздин жетекчилигиңиз астында жаңы чакырылыштагы Мамлекеттик Дума Россия Федерациясынын алдында турган масштабдуу милдеттерди ишке ашырууга жана өлкөнүн мындан аркы ырааттуу өнүгүшүнө олуттуу салым кошот деп ишенем", — деп айтылат телеграммада.
Жапаров Кыргызстан эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосунда калыптанган тыгыз кызматташтыкка өзгөчө маани берерин белгиледи.
"Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизде жаңы ийгиликтерди, ал эми Россиянын элине тынчтык, туруктуулук жана өсүп-өнүгүү каалайм", — деп айтылат куттуктоо катында.