Жапаров Түштүк Кореядан кыргыз жарандарына виза режимин жеңилдетүүнү өтүндү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Түштүк Кореяга болгон расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында президент Ли Чжэ Мён менен жолугушту. «Ынтымак Ордонун» маалыматына караганда, тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгындагы актуалдуу маселелерди талкуулап, алдыдагы биргелешкен иштердин негизги багыттарын аныкташты.

Ли Чжэ Мён эки өлкөнүн инвестиция тартуу багытындагы кызматташтыгын күчөтүү маанилүү экенин белгилеп, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча байланыштар дагы кеңейерине ишеним билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири катары көрөрүн айтып, эки өлкөнүн байланышын мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушууда мамлекет башчы Кыргызстанда биргелешкен медициналык борбор ачуу, визалык тартипти жөнөкөйлөтүү жолдорун кароо, кыргыз товарларын Кореянын рыногуна көбүрөөк чыгаруу жана башка демилгелерди сунуштады. Ал ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлдеги саясий диалог үзгүлтүксүз уланып жатканын кошумчалады.

Садыр Жапаров Сеулга Ли Чжэ Мёндун чакыруусу менен 15-сентябрда барды. Ал учурда «Борбор Азия - Корея Республикасы» биринчи саммитине катышып жатат. Буга чейин кыргыз президенти бул өлкөдө 2024-жылы расмий сапар менен болгон. Анда энергетика, билим берүү жана санариптештирүү багыттарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу 20дан ашык документке кол коюлган.

 

13:34, 16-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар