Нилуфар Алимжанова «Балага сүйүнчү» төлөмүн 10 миң сомго чейин жогорулатууну сунуштады
Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова жаш үй-бүлөлөрдү жана жаңы төрөлгөн балдарды мамлекеттик колдоо, ошондой эле социалдык объектилердин абалын жакшыртуу боюнча бир катар маселелерди көтөрдү.
Депутат «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүнө токтолуп, аталган төлөм 2018-жылдан бери 4 миң сом өлчөмүндө берилип келе жатканын белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылдар аралыгында инфляциянын өсүшү жана балдарга керектүү товарлардын баасынын жогорулашы бул сумманын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө таасирин тийгизди.
Ушуга байланыштуу Нилуфар Алимжанова «Балага сүйүнчү» төлөмүн 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин жогорулатуу демилгесин көтөрдү. Ал Министрлер Кабинетине сунушту карап чыгып, анын бюджеттик жана социалдык таасирин эсептөө менен тиешелүү чечимдерди иштеп чыгууну сунуштады.
Мындан тышкары, депутат Ноокат шаарындагы Н. Исанов атындагы парк менен «Жаш Күч» спорт комплексинин абалына көңүл бурду.
Маалыматка ылайык, аталган социалдык объектилерди жаңылоого тиешелүү долбоорлор даярдалган. Атап айтканда, паркты модернизациялоого 12 млн сом, ал эми спорт комплексин жаңылоого 9 млн сом талап кылынат. «Жаш Күч» спорт комплексинде 200дөн ашуун бала жана өспүрүм спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгып келет.
Депутат жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин эске алуу менен, аталган объектилерди модернизациялоого керектүү каражаттарды мамлекеттик бюджеттен же мыйзамда каралган башка каржылоо булактарынан табуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну Министрлер Кабинетине сунуштады.
Ошондой эле Нилуфар Алимжанова жаңы окуу жылынын башталышы менен мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигине байланыштуу ата-энелерден көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, айрым мектептерде окуучулар окуу китептери менен толук камсыз болбой, жетишпеген китептерди ата-энелер өз каражатына сатып алууга аргасыз болууда. Бул өзгөчө көп балалуу жана жалгыз бой ата-энелер үчүн кошумча каржылык жүк жаратууда.
Ушуга байланыштуу депутат Агартуу министрлигинен республика боюнча мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигин тез арада тактап, маселени чечүү боюнча конкреттүү чараларды көрүүнү сурады.
«Ар бир бала окуу китеби менен толук камсыз болуп, ата-энеге кошумча каржылык жүк түшпөшү керек», — деди Нилуфар Алимжанова.