Садыр Жапаров Сеулдагы Улуттук мемориалга гүл койду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Корея Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Сеул шаарындагы Улуттук мемориалга барып, гүл коюу салтанатына катышты.

Мамлекет башчысы Кореянын көз карандысыздыгы үчүн курман болгон баатырлардын жаркын элесине таазим этип, ардактуу коноктордун китебине эскерүү жазуусун калтырды.

Сапардын алкагында президенттин Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу мерчемделген. Ошондой эле Жапаров “Борбор Азия — Корея Республикасы” биринчи саммитине катышат.

Мындан тышкары, өлкө башчы бизнес-саммиттин атайын сессиясына катышары күтүлүүдө

10:53, 16-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар