Талас шаарына 30 электробус берилди
Талас шаарына 30 электробус берилди.
Алар жакынкы айылдарга да каттайтУнаалардын ишин камсыз кылуу үчүн кубаттоочу станциялар жеткирилди. "Талас автобекети" жайында кубаттоочу станциялар жана электробустарды токтотуучу жайлар үчүн аянтчалар даярдалды.
Учурда каттамдардын жаңы схемалары жана жүрүү графиктери иштелип чыгууда. Ал эми жүргүнчүлөрдү ташуу качан башталары жана жол киренин баасы тууралуу маалымат бериле элек.