"Бишкек Арена" Президенттин мүлкүн башкаруу департаментине өткөрүлдү
"Бишкек Арена" Президенттин мүлкүн башкаруу департаментине өткөрүлдү
Бишкекте курулган жаңы стадион ушул жылдын апрель айында Президенттин мүлкүн башкаруу департаментинин спорт комплексине өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу 24.kg агенттигине комплекстин директору Нурмухаммед Эшматов билдирди.
Ал белгилегендей, уюм азыр үч объектини башкарат: «Бишкек Арена», 7-кичи райондогу «ДСК» спорт комплекси жана Чүй облусундагы «Нооруз» лыжа базасы. Эшматовдун айтымында, стадиондо акыркы оңдоо иштери жүрүп жатат, андан кийин подрядчылар объектини өткөрүп беришет.