Батир оңдоп бермек. Бишкекте 10дой кишини сызга отургузган шектүү кармалды

Бишкекте батир оңдоп бермекчи болуп ондон ашык кишини алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

ШИИБдин маалыматына караганда, шектүү Н.С. аттуу жабырлануучу менен батирин оңдоп бермей болуп макулдашкан. Алдын ала төлөм катары 700 долларды накталай, 159 585 сомду котортуп алган бойдон таптырбай кеткен. Жалпы зыяндын суммасы 220 миң сомдон ашкан.

"Ички иштер органдарына ушундай эле алдамчылыктан жабыр тарткан 10дон ашык адам кайрылды. Учурда келтирилген жалпы материалдык зыян такталууда. "Алдамчылык" беренеси менен иш козголуп, 29 жаштагы С.Н. аттуу жаран шектүү катары кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Эркек киши убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милиция башка жабырлануучуларды да издеп жатат.

 

12:04, 07-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар