Таласта 10-11-сентябрь күндөрү базар жана соода жайлары иштебей турган болду

Талас шаарында 10-11-сентябрь күндөрү базар жана соода жайлары иштебей турганын калаа мэриясы билдирди.

Муниципалитет мындай чараларды санитардык иштерге байланыштырган. Убактылуу жабыла турган жайлардын катарында борбордук базар, кийим-кече, курулуш материалдарын, автотетик саткан дүкөндөр, дөңгөлөк оңдогон жайлар (вулканизация) бар.

Ал эми кафе жана тамактануучу жайлар, азык-түлүк дүкөндөрү кадимки тартипте иштей бермекчи.

Эскерте кетсек, быйыл Эгемендүүлүк күнү Таласта 11-12-сентябрь күндөрү белгиленет. Ушу тапта көз карандысыздыктын 35 жылдыгына арналган майрамга даярдык кызуу жүрүүдө. 5 000 орундуу жаңы стадион жана "Баластан" балдар борборунун ачылышы каралган. Шаар бийлиги бул күндөрү ырчылардан Arash, Fly Project, K-Maro, Nana, Hi-Fi, Согдиана жана Кайрат Нуртас келерин билдирген. Мындан тышкары, дрон-шоу жана фейерверк болот.

11:10, 07-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар