Райымбек Матраимов Ташкентте уулунун үйлөнүү тоюн өткөрдү
Райымбек Матраимов Ташкентте уулунун үйлөнүү тоюн өткөрдү
30-августта Ташкентте Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун уулу Аймендин үлпөт тою болуп өттү. Салтанат Ташкенттеги “Marriott Hotel Tashkent” мейманканасында өткөрүлгөнүн Политклиника басылмасы жазды.
Басылманын маалыматына караганда, коноктордун арасында Кыргызстандан келген белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер жана ишкерлер болгон. Атап айтканда, үлпөт тойго Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Жусупбек Коргонбай уулу, Элмурза Сатыбалдиев жана Ибрагим Жунусов, ошондой эле медицина тармагынын өкүлү Сабырбек Жумабеков жана ишкер Аскар Салымбеков катышкан. Маарекеде орусиялык аткаруучулар Люся Чеботина менен Филипп Киркоров, ошондой эле казакстандык ырчы Раим өнөрлөрүн тартуулашкан.
Политклиника басылмасынын маалыматына ылайык, Аймен Матраимовдун жубайы — казакстандык мунай тармагындагы белгилүү ишкер Жакып Марабаевдин небереси Самира. Ал — Лейла Солтанбаеванын кызы.