Гимнди аткарган ырчы соцтармактардагы сын-пикирлерге жооп берди

Гимнди аткарган ырчы соцтармактардагы сын-пикирлерге жооп берди

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын гимнин аткарган ырчы Дилноза Айдарбекова соцтармактардагы сын-пикирлерге карата жооп кайтарды.

Салтанатта ырдалган мамлекеттик гимндин аранжировкасы жана аткаруу ыкмасы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, айрым интернет-колдонуучулардын нааразычылыгын туудурган.

Ырчы өз билдирүүсүндө гимндин бул форматын өз алдынча тандабаганын жана аталган вариант тийиштүү жетекчилик тарабынан жактырылганын түшүндүрдү.

“Бардык уюштуруучуларга, режиссёрлорго, продюсерлерге жана бул ишке катышып, эбегейсиз эмгек жумшагандардын баарына рахмат! Сиздерге жагышы үчүн бул чыгармаларды аткарууга күнү-түнү даярдандык. Мени тандашты, ал эми гимндин бул вариантын баары, анын ичинде мамлекет башчысы да бекиткен. Мен жөн гана аткаруучумун! Ошондуктан аракет кылган адамдардын атын каралабоону жана жекеликке өтпөөнү өтүнөм”, — деп жазган Айдарбекова социалдык тармактагы баракчасына.

Арча медиа
11:47, 03-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар