Непалдагы суу ташкыны: Каза болгондордун саны 469га жетти
Непал менен Тибеттин чек арасында селден каза болгондордун саны 28-августка карата 469 адамга жетти. Непал полициясынын маалыматына караганда, дагы 800дөн ашуун адам дайынсыз болуп жатат.
Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары Тибетте кеминде үч адам каза болгонун, 550дөн ашуун адам менен байланыш үзүлгөнүн кабарлады. Дайынсыз жоголгондордун арасында туристтер да көп экени айтылууда.
Непалдын премьер-министри Балендра Шах кырсык болгон аймактарга барып, издөө-куткаруу иштерине 13 миңден ашуун аскер кызматкери, куралдуу полиция жана улуттук полициянын өкүлдөрү тартылганын билдирди.
Өкмөт жабыркагандар үчүн убактылуу жайгаштыруу борборлорун уюштуруп, жаракат алгандарга акысыз медициналык жардам көрсөтүүдө. Учурда негизги көңүл дайынсыз жоголгондорду издөөгө жана жабыркагандарга жардам берүүгө бурулган.
Ошол эле учурда адистер жаңы сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертишти. Өзгөчө кырдаалдар кызматы Бхотекоши дарыясында таштанды жана калдыктардан улам көлдүн суусу көтөрүлүп жатканын билдирди. Эгер көл ташып кетсе, 1-сентябрдын айланасында дагы бир ири сел жүрүшү мүмкүн экени айтылууда.
26-августтагы күтүүсүз суу ташкынына жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 8:37де катталган жер титирөөдөн кийинки жер көчкү себеп болгон. Ылай аралашкан топон суу жээкке жакын жайгашкан имараттарды, адамдарды алып кеткен. Кырсык тартылган видеолордон ондогон кишилер топон суудан качып баратканын көрүүгө болот.