Кыргыз жарандары Кытайга 10 күнгө чейин визасыз кире алышат
Кыргызстандын жарандары 20-августтан тартып Кытайга 10 күнгө чейин визасыз кире алышат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип Кытайдын Мамлекеттик миграция башкармалыгынын маалыматына шилтеме берип билдирди.
Ал Кытайга 10 күнгө чейин визасыз баруунун бир шарты бар экенин – кайра Кыргызстанга кайтуусу үчүнчү өлкө аркылуу өтө турганын тастыктаган авиабилети болушу керектигин айтты.
“Кыргызстандык жаран Пекин, Шанхай же Кытайдын башка бир шаарына визасыз баргысы келсе, ал жакка авиабилетти түз алып, ал эми 10 күн өткөндөн кийин Кыргызстанга кайта турган авиабилетин кошуна өлкөлөр аркылуу каттам менен алганы жетиштүү. Мисалы, Шанхай - Алматы - Бишкек же Пекин - Ташкент - Ош деген сыяктуу”, - деди ал.
Мындан тышкары Кытай тарап Кыргызстандын жарандарына Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берди. Муну менен кыргызстандыктар визалык төлөмдөрдү төлөөдөн, виза алуу үчүн документ топтоо, консулдук кызматка баруу иштеринен бошотулат.
Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн 10 күндүк визасыз режимди бир тараптуу киргизип жатат. Кытайдын жарандары үчүн Кыргызстанга кирүүдө, мурдагыдай эле, виза талап кылынат.