Бишкекте 31-август жана 1-сентябрда айрым соода борборлору жана базарлар иштебейт

Бишкекте 31-август жана 1-сентябрда айрым соода борборлору жана базарлар иштебейт

Бишкекте ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу айрым соода борборлору жана базарлар убактылуу иштебейт.

Мэриянын чечимине ылайык, 31-августта жана 1-сентябрда расмий делегациялар өтүүчү маршруттарда жайгашкан ГУМ «Чынар», ЦУМ «Айчүрөк», «Бишкек Парк», «Азия Молл», «Ала-Арча», VEFA, «Дом торговли», «Гоин», Beta Stores 1 жана «Беш Сары Сити» соода борборлору жабылат.

Ошондой эле «Ош базары» жана «Сары-Өзөн» соода жайлары 31-августтан 2-сентябрга чейин, ал эми «Орто-Сай» базары 31-август жана 1-сентябрда иштебейт.

Мындан тышкары, 29-август саат 15:00дөн тарта Айтматов–Горький, Чүй–Айтматов, Манас айылы–Васильевский тракты жана Чүй–Абдрахманов көчөлөрүндөгү жер алдындагы жөө өтмөктөр жабылат.

Арча медиа
12:44, 19-08-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар