Кыргызстанда орточо эмгек акы 53 759 сомго жетти

Кыргызстанда орточо эмгек акы 53 759 сомго жетти

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июнь айларындагы орточо эмгек акы 53 759 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет өткөргөн маалымат жыйында айтылды.

Экономикалык ишмердүүлүктүн бардык тармактарындагы ишканалар жана уюмдар боюнча 2026-жылдын июнь айында (2025-жылдын июнь айына салыштырмалуу) орточо айлык номиналдык эмгек акы 27,5 пайызга өскөнү белгиленди.

Эскерте кетсек, май айында орточо эмгек акы 51 888 сомду түзгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, айлыктын өсүшү 3,6 пайызды түздү.

2026-жылдын июнь айындагы көрсөткүчтөргө таянсак, эмгек акынын жылдык өсүшү төмөнкү тармактарда эң жогорку деңгээлде болгон:

▪️искусство, көңүл ачуу жана эс алуу — 49,2 пайыз,

саламаттыкты сактоо жана социалдык ▪️кызмат көрсөтүү — 43,7 пайыз,

▪️билим берүү — 42 пайыз,

▪️айыл чарбасы, токой чарбасы жана ▪️балык уулоо — 36,1 пайыз,

▪️кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк — 33,1 пайыз.

Арча медиа
09:26, 17-08-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар