Кыргызстанда элект энергиясын керектөө азая түштү
Бүгүнкү датага карата өлкөдө электр энергияны керектөөнүн суткалык кубаты 44,6 миллион кВт. саатка түштү. Бул тууралуу “Улуттук электр тармагы” ишканасынан билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда тармак өз ыргагында иштеп жатат жана ашыкча чыңалуу же техникалык мүчүлүштүктөр болгон жок.
Белгилей кетсек, өткөнкү аптап күндөрдө керектөө 50 миллион кВт. сааттан ашып, электр кубаты өлкө боюнча бир нече саатка өчкөн.