Экономика министрлиги Wildberries’деги кыргыз ишкерлери тарткан зыянды тактай баштады

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Орусиядагы Wildberries компаниясынын кампаларындагы өрттө кыргыз ишкерлери тарткан зыяндын көлөмүн тактоо жумуштарын баштады. Бул тууралуу аталган министрлик 22-июлда кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 21-июлда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Wildberries компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту.

Жолугушууда 18-июлга караган түнү Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларындагы Wildberries компаниясынын логистикалык комплекстерине учкучсуз аппараттар менен жасалган чабуулдун кесепеттери талкууланды. Аталган окуянын натыйжасында кампаларда товарлары сакталган Кыргызстандын тигүү тармагынын ишкерлери дагы жабыркаган.

Wildberries компаниясынын өкүлдөрү келтирилген зыянды баалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Анын ичинде кампалардын жабыркаган көлөмүн аныктоо, ошондой эле кампаларда сакталган товарларды, анын ичинде кыргыз ишкерлери өндүргөн продукцияны инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Баалоо иштери аяктап, Wildberries компаниясынан тиешелүү маалыматтар алынгандан кийин жана Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги жүргүзгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча келип чыккан маселелерди жөнгө салуу жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн кийинчерээк дагы жолугушуулар уюштурулмакчы.

Министрлик атамекендик тигүү тармагынын ишкерлерине келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн алардын өздөрүнөн да сурамжылоо жүргүзүү аркылуу маалыматтарды чогултууда.

18-июлга караган түнү Москва облусундагы Электросталь жана Тамбов облусундагы Котовск шаарларындагы Wildberries маркетплейсинин кампаларына дрон тийген. Жалпы сегиз киши каза таап, 80ден ашууну түрдүү жараат алды.

Орусиянын Краснодар жана Ставрополь крайларына 22-июлга караган түнү жасалган дрон чабуулунан Wildberries компаниясынын дагы эки логистикалык борбору бутага алынды.

 

08:50, 23-07-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар