Амангелдиев: мамлекет бааны көзөмөлдөбөсө, АИ-92 бензини 114 сом болмок

Мамлекет бааны жөнгө салбаса, АИ-92 бензини 114, дизель 148 сомго чейин чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 24.kg басылмасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт ички рынокту жыл аягына чейин күйүүчү май менен камсыздоону көздөөдө. Бирок анын акыркы баасы дүйнөлүк рыноктогу наркка жана жаңы келишимдердин шартына жараша болот.

Амангелдиевдин маегиндеги урунттуу учурлар:

Россия жакынкы бир-эки айда күйүүчү май боюнча абал татаал бойдон каларын эскерткен, бирок кийинчерээк өз милдеттенмелерин аткармакчы. Ошол эле учурда өкмөт ички рынокто тартыштыкка жол бербөө үчүн күйүүчү майды башка өлкөлөрдөн кымбат болсо да сатып алууга даяр;

Кыргызстан Россия менен ата мекендик мунай иштетүүчү заводдор үчүн 200 миң тоннага чейин мунайды жеңилдетилген шартта жеткирүү маселесин талкуулап жатат. Ошондой эле Казакстан менен мазут жеткирүү боюнча макулдашуу болгон;

Мамлекет АИ-92 майы менен дизелдин баасын жөнгө салат. Ал эми АИ-95 базар баасы боюнча сатылганы менен наркын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт;

Өкмөт ошондой эле Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын запасы мурдагы 2-3 жумадан 1,5 айга чейин көбөйгөнүн билдирди.

 

18:15, 22-07-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар