Амангелдиев Орусиянын энергетика министри менен күйүүчү май маселесин сүйлөштү

Амангелдиев Орусиянын энергетика министри менен күйүүчү май маселесин сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бүгүн, 1-июлда Орусиянын энергетика министри Сергей Цивилев менен жолугуп, күйүүчү-майлоочу майга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал Азаттыкка маалымдаган. 

Анын сөзүнө караганда, Сергей Цивилев Орусияда бензин жана солярканын тартыштыгы жөнгө салынгандан кийин Кыргызстанга мурда жетишилген келишимдерде көрсөтүлгөн көлөмдө күйүүчү майды берип баштарын айткан.

“Ормуз кысыгы жабылганда да дүйнөдө нефтинин баасы кымбаттап кетти. Өкмөт токтом кабыл алып бааны турукташтырып жатат. Биз мындай аракеттерди дагы да кыла беребиз. Биз Нефтетрейдерлер ассоциациясына, күйүүчү май ташыган ишканаларга кымбат болсо да сатып келип, мамлекетти күйүүчү май менен камсыз кылып тургула ортодогу айырманы кенемте берип чечебиз деп айтып жатабыз”, - деди ал.

Арча медиа
11:16, 02-07-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар