Парламенттин экс-депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалганы кабарланды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалганы кабарланды. Маалыматты “Азаттыкка” экс-депутаттын агасы ырастап, бирок кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Ички иштер министрлиги (ИИМ) комментарий бере элек.

Дүйшөн Төрөкулов 2017-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Бир Бол” саясий партиясынан депутат болгон. Аны 2021-жылы январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюп кармаган. Ошол эле жылдын март айында үй камагына чыккан. Ал иши эмне болуп бүткөнү белгисиз.

Эрежесиз мушташтарга катышып жүргөн Дүйшөн Төрөкулов коомчулукта “Душка” деген каймана ат менен таанымал.

 

10:54, 23-06-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар