Абайла! Алдамчылар жаңы ыкмалар менен жарандарды алдап жатышат. Кыргызстанда өзүңүздү жана жакындарыңызды кантип коргоо керек?

Акыркы убакта өздөрүн банктын кызматкери, байланыш оператору же мамлекеттик органдын өкүлү катары тааныштырган шылуундар жарандардын жеке маалыматтарын жана акча каражаттарын алдап алууга аракет кылган учурлар көбөйүүдө.
Алдамчылар кандай аракет кылышат?
Эң кеңири тараган схемалар:
📱 «SIM-картаңыздын мөөнөтү бүтүп жатат, SMS аркылуу келген кодду айтыңыз»;
💳 «Банктык картаңыз бөгөттөлдү, CVV-кодуңузду атаңыз»;
🎥 «Аккаунтуңузду текшеришибиз керек, видеочалууну күйгүзүңүз»;
📲 «Коопсуздук үчүн телефонуңуздун экранына жеткиликтүүлүк бериңиз»;
🔑 «Көйгөйдү алыстан чечип берүү үчүн сырсөзүңүздү айтыңыз».
Маанилүү!
Банктардын, байланыш операторлорунун жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери телефон же мессенджер аркылуу төмөнкү маалыматтарды ЭЧ КАЧАН сурашпайт:
❌ Банктык картанын PIN-коду;
❌ CVV-коду;
❌ SMS аркылуу келген коддор жана бир жолку сырсөздөр;
❌ Паспорттук маалыматтар;
❌ Видеочалууну күйгүзүү;
❌ Телефондун экранына жеткиликтүүлүк берүү;
❌ Түзмөктү алыстан башкаруу үчүн тиркемелерди орнотуу.
Эгер шектүү чалуу болсо эмне кылуу керек?
Эгер сизге шектүү сунуш менен телефон чалынса:
✔ Эч кандай маалымат бербеңиз;
✔ Дароо сүйлөшүүнү токтотуңуз;
✔ Банк менен расмий байланыш каналдары аркылуу гана байланышыңыз:
☎ +996 (312) 38 91 91
☎ +996 (998) 38 91 91
📱 Банктын расмий мобилдик тиркемеси аркылуу.
Алдамчылардан кантип коргонуу керек?
🔒 Эки факторлуу аутентификацияны (2FA) иштетиңиз;
🔄 Банктын тиркемелерин жана операциялык тутумду үзгүлтүксүз жаңыртып туруңуз;
📵 PIN-коддорду телефонго же булут сактагычтарга сактабаңыз.
Кардарлар үчүн эскертүү
Сиздин маалыматтарыңыз — сиздин коопсуздугуңуз!
Биз эч качан телефон аркылуу же мессенджерлерде жеке маалыматтарыңызды сурабайбыз.
Эгер суроолоруңуз болсо же алдамчылардын курмандыгы болуп калсаңыз, дароо расмий байланыш каналдары аркылуу кайрылыңыз!
⚠ Сак болуңуз! Сиздин сергектигиңиз жана этияттыгыңыз финансылык жоготуулардан сактап калышы мүмкүн.