Камчыбек Ташиевдин иши боюнча соттук отурумдар эми ачык өтөт
Камчыбек Ташиевдин иши боюнча соттук отурумдар эми ачык өтөт
Бийликти күч менен басып алуу иши боюнча сот ачык өтөт.
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова кылмыш ишинин материалдарын жашыруун деп тапкан чечимди жокко чыгарып, сотту ачык өткөрүү өтүнүчүн берди.
Маалым болгондой, сот жактоочу тараптын өтүнүчүн канааттандырды. Кийинки сот отуруму 15-июнга белгиленди.