Таштанды заводунун кубаттуулугу 3 эсеге өсөт. Экинчи баскычка капсула салынды

Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушунун экинчи баскычына капсула салынды. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, заводдун экинчи блогун куруу менен анын кубаттуулугу үч эсеге өсөт.

Капсула салуу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Экинчи блок суткасына 2000 тонна таштанды иштетүүгө ылайыкталып, үч жылдын ичинде куруп бүтүрүү пландалууда.

"Бул этаптын ишке ашырылышы жыл сайын атмосферага көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын болжол менен 312 миң тоннага кыскартууга мүмкүндүк берет", — деди Касымалиев.

Комплекстин биринчи этабы өткөн жылдын 27-декабрында ишке киргизилген. Ал суткасына 1000 тонна калдыкты кайра иштетет. Экинчи этап аяктагандан кийин комплекстин жалпы долбоордук кубаттуулугу суткасына 3000 тоннага жетет.

09:30, 12-06-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар