Тротуарда айдоого болбойт. Скутер, мопед айдагандар эми айдоочулук күбөлүк алышы керек

Скутер, мопед жана "желмаян" айдагандар эми айдоочулук күбөлүк алышы керек.  Эми кыймылдаткычы 25 куб сантиметрден ашкан, бензин менен жүрүүчү мопеддерди жана кубаттуулугу төрт киловаттан жогору болгон электр скутерлерин айдоо үчүн А1 категориясындагы күбөлүк алуу зарыл. Мурда мындай талап мопеддерге 50 куб сантиметрден жогору, ал эми электроскутерлерге 11 кВт болчу.

Ошондой эле аларга тротуарда жүрүүгө тыюу салынат. Эрежени бузса 5500 сом айып салынат. Эреже бузгандарды сүрөт, видеого тартып 0777 102 102 номерине жөнөтсөңүз болот.

18:38, 09-06-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар