Бишкекте 4-6 июнь күндөрү айрым жолдор жабылат
Бишкекте 4-6 июнь күндөрү айрым жолдор жабылат
Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин жыйыны 4-июндан 6-июнга чейин өтөт. Делегациялардын келишине байланыштуу шаарда жолдун айрым бөлүктөрүндө жол кыймылы убактылуу чектелет:
▪️ Манас аэропортуна баруучу жол (Фучик көчөсүнөн Васильевский трактка чейин);
▪️ Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейинки бөлүк;
▪️ Манас проспектисинен Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүк;
▪️ Байтик Баатыр көчөсү.