Бейтаптан акча талап кылган дарыгер иштен алынды

Жалал-Абаддагы төрөт үйүнүн дарыгери бейтаптардан акча алгандыгы үчүн жумуштан алынып, дагы эки дарыгерге сөгүш берилди. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппараты билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, аймактын тургуну Т.Д. оорукананын аймактык башчысы Жамила Жаманбаевага кайрылып, укуктарын коргоону суранган.

Арыз ээсинин айтымында, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында текшерүү жүргүзүлгөн. Тергөөнүн жыйынтыгында акушер Э.К. жумуштан четтетилген. Төрөт үйүндөгү дагы эки дарыгерге сөгүш берилген.

18:27, 03-06-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар