Парламент комитети БШКнын жаңы курамына сегиз талапкерди бекитти
Парламент комитети БШКнын жаңы курамына сегиз талапкерди бекитти
Бүгүн, 2-июнда Конституциялык мыйзамдар боюнча комитет БШК мүчөлүгүнө шайлоо үчүн сегиз талапкерди бекитти. Эми бул маселе палата тарабынан каралат.
Талкуудан кийин комитет төмөнкүлөрдү колдоду:
▪️Алмаз Айбалаев;
▪️Русланбек Жакышев;
▪️Миргүл Темирбаева;
▪️Бөдөш Мамырова;
▪️Тынчтык Шайназаров;
▪️Сүйүнбек Касмамбетов;
▪️Лейла Лурова;
▪️Тимур Оторбаев.
Президенттик квотанын алкагында БШКга жаңы талакер катары Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышев, Миргүл Темирбаева жана Бөдөш Мамырова көрсөтүлдү.
Төмөнкү талапкерлер парламенттик топтор тарабынан көрсөтүлдү:
▪️Эл Үмүтү-Ата Журт – Тынчтык Шайназаров;
▪️Ала-Тоо жана Ишеним – Сүйүнбек Касмамбетов;
▪️Ынтымак-Мекенчил – Лейла Лурова;
Элдик – Тимур Оторбаев.
Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын 12ден сегизге чейин кыскартуу боюнча мыйзам 2026-жылдын 1-июнунда күчүнө кирген. Жогорку Кеңеш мыйзамды 22-апрелде кабыл алып, президент ага 16-майда кол койгон.