Садыр Жапаров БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайлоо алдында дүйнө лидерлерине кайрылуу жасады

 

Садыр Жапаров БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайлоо алдында дүйнө лидерлерине кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров 3-июнда Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоо алдында мамлекет башчыларына кайрылуу жасады. 

“Кыргыз Республикасынын талапкерлиги Борбордук Азия мамлекеттеринин бир добуштан колдоосуна ээ, бул аймактык консолидациянын сапаттык жаңы деңгээлин чагылдырат жана Коопсуздук кеңешинде мамлекеттердин кеңири чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын эске алган, макулдашылган жана жоопкерчиликтүү позиция менен чыгууга даяр экендигибизди тастыктайт. Кыргызстан Коопсуздук кеңешине мүчө болууга өзгөчө маани берет жана муну жергебиздеги элдердин тагдыры үчүн жогорулаган жоопкерчилик катары карайт. Биз Кеңештин өзүнүн баштапкы функциясына – чыр-чатактарды саясий коштоо эмес, укукка, кызыкчылыктардын тең салмактуулугуна жана чыр-чатактардын алдын алууга негизделген чечимдерди иштеп чыгууга кайтып келүү зарылдыгынан чыгабыз”, - деп жазды Фейсбуктагы расмий баракчасына.

11:37, 18-05-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар