Ысык-Көлдө ММА мушкери Медет Жээналиев каза болду
Ысык-Көлдө ММА мушкери Медет Жээналиев каза болду
Ысык-Көлдө MMA мушкери сууга чөгүп бараткан мектеп окуучуларын куткарып жатып каза болду.
Кырсык Ысык-Көлдүн пляждарынын биринде болгон.
Күбөлөрдүн айтымында, эки мектеп окуучусу катуу толкундар учурунда чөгүп кеткен.
Аларга жардамга үч киши келген, анын ичинде MMA мушкери Медет Жээналиев да болгон.
Кыздар жээкке чыгарылган, бирок Жээналиев өзү суудан чыга алган эмес.
Кийинчерээк куткаруучулар анын сөөгүн табышкан. Маркумдун сөөгүн бүгүн жерге берүү үчүн Нарынга алып кетишти.