Жаза аткаруу кызматынын кызматкери кыз зордуктоого шектелүүдө
Жаза аткаруу кызматынын кызматкери кыз зордуктоого шектелүүдө
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкери 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, арыз менен Э.А. кайрылган. Ал 8-май түнү досу экөө эки жаш жигит менен таанышканын билдирген. Алардын бири Кой-Таш айылынын жанындагы капчыгайда аны зордуктоого аракет кылган.
Учурда Коопсуздук жана коштоо бөлүмүнүн аскер кызматкери, 20 жаштагы С.Б. шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.