Токмокто 7-8 кылымга таандык Будда храмынын калдыктары табылды
Токмокто 7-8 кылымга таандык Будда храмынын калдыктары табылды
Токмокто 7-8-кылымдарга таандык, болжол менен буддалык деп эсептелген храм комплексинин калдыктары табылды.
Ак-Бешим (Суяб) аймагындагы казуу иштеринин жүрүшүндө орус жана жапон окумуштуулары бышкан кыштан жасалган тепкич, пандус жана аянтча табышкан. Мындай архитектуралык элементтер ошол доордогу храм курулуштарына мүнөздүү.
Бул ачылыш белгилүү археолог Бернштамдын 1940-жылдардын аягында бул аймакта буддалык храм комплексинин бар экендиги жөнүндөгү гипотезасын тастыктаган.
Келечекте бул жерди ачык асман алдындагы музей кылуу пландаштырылууда.