Чүйдө Көлбаевдин кылмыштуу тобуна таандык курал-жарактар табылды
Чүйдө Көлбаевдин кылмыштуу тобуна таандык курал-жарактар табылды
Беловодскийде кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык ок-дарылар сакталган жер табылды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, аталган жерден ок атуучу куралдар, гранаталар, ок-дарылар, магазиндер, радиолор жана башка атайын жабдуулар табылган.
Учурда жашыруун жайга тиешелүү адамдардын ким экени аныкталууда.