Тилемчилик кылгандар үчүн жаза күчөтүлдү
Тилемчилик кылгандар үчүн жаза күчөтүлдү
Президент Садыр Жапаров “Укук бузуулар жөнүндө кодекске, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө документке кол койду.
Анын максаты тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү, жолдордо тилемчилик кылууну жоюу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, аялуу катмардагы жарандарды тилемчилик максатында эксплуатациялоодон коргоо болуп саналат.
Тилемчилик кылгандар эми жоопкерчиликке тартылат. Жаңы мыйзам менен жарандарды тилемчиликке тарткан чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын чегинен чыгарылат.