Садыр Жапаров бир катар элчиден ишеним грамоталарын кабыл алды

Садыр Жапаров бир катар элчиден ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде үчүнчү өлкөлөрдөгү резиденциясы менен аккредитацияланган атайын жана ыйгарым укуктуу элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алганын Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Ишеним грамоталарын Доминикан Республикасынын элчиси Алехандро Ариас Сарсуэла, Албания Республикасынын элчиси Блерта Кадзадеж, Индонезия Республикасынын элчиси Сити Рухайни Жухятин, Сомали Федеративдик Республикасынын элчиси Фатхудин Али Мохамед жана Палестина мамлекетинин элчиси доктор Уайл Ахмед Батрехи тапшырышты.

Мамлекет башчы өз сөзүндө элчилерди республикадагы дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, Кыргызстан дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды ырааттуу бекемдеп жатканын баса белгиледи.

10:02, 22-04-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар