"Акылмандын" бүтүрүүчүлөрү чет жактарда мамлекеттик грант менен билим алат
"Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн чет өлкөдө окуусу үчүн мамлекеттен билим берүү гранттарын алуу тартиби бекитилди. Бул Министрлер кабинетинин 16-апрелдеги №256 токтому менен бекитилди.
Ага ылайык, "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө чет өлкөлөрдөн билим алуусун улантуу үчүн мамлекеттик грант берүү боюнча Мамлекеттик гранттар комиссиясы түзүлгөн.
Ал эми бүтүрүүчүлөргө грант берүүнү ишке ашырууга жоопкерчилик Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигине жүктөлдү.
2025-жылы президенттик "Акылман" лицейин аяктап, "Эл үмүтү" стипендиясы менен чет өлкөлөрдөн окуп келгендерди жогорку окуу жайларына жана мамлекеттик кызматтарга сынаксыз кирүүгө укук берген мыйзам күчүнө кирген.
Ага ылайык, "Эл үмүтү" стипендиясы менен жогорку окуу жайларын окуп келген бүтүрүүчүлөр кадр резервине сынактан тышкары тартипте киргизилери жазылган.
Аталган мыйзам долбоору парламентте талкууланып жатканда айрым депутаттар документ балдардын жана бүтүрүүчүлөрдүн укуктарын бузарын, өлкөнүн Конституциясына каршы келерин айтып чыгышкан.
“Акылман" президенттик лицейи 2023-жылы 25-августта ачылган.
“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы дүйнөдөгү алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрантка, докторантка берилет. Акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени айтылган.