Эльдар Жакыпбеков жана “Вазелин” 15-июнга чейин абакта калтырылды
Эльдар Жакыпбеков жана “Вазелин” 15-июнга чейин абакта калтырылды
УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков жана Вазелин (Улан К.) дагы эки айга тергөө камагында болушат. Алардын камактагы мөөнөтү 15-июнга чейин узартылды.
Эскерте кетсек, Жакыпбеков 14-февралда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси "Коррупция" боюнча иш козголгон. Мурдагы чиновник УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте жеке баюу менен алектенген туруктуу коррупциялык топ түзгөн деп шектелүүдө. 16-февралда кармалган Вазелин каймана аттуу Улан.К Элдар Жакыпбековдун шериги катары кармалган. Ага коррупция жана опузалоо боюнча айып тагылууда.