УКМК төрагасы Кыргызстандын ММА ассоциациясынын президенти болуп шайланды
УКМК төрагасы Кыргызстандын ММА ассоциациясынын президенти болуп шайланды
УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков Кыргызстандын аралаш күжүрмөн күрөш (ММА) ассоциациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүн, 17-апрелде ММА боюнча федерациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөн. Иш-чарага Улуттук кулатуу күрөшү федерациянын, WEF GLOBAL MMA, GAMMA MMA жана IMMAF Кыргызстан уюмдарынын өкүлдөрү катышышкан.