Раиса Атамбаева суракка чакырылды
Раиса Атамбаева суракка чакырылды
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына чакырылды. Бул тууралуу анын кызы Алия Шагиева Kaktus.media сайтына билдирди.
Анын айтымында, сурак кечки саат 17:00гө белгиленип, ал жакка жактоочусу Сергей Слесарев менен барган.
"Биз эмне себептен суракка чакырылганыбызды билбейбиз", - деди Шагиева.