"Акжол эмес". Май куюучу жайда кишини токмоктоду деген жигит кармалды
Ош шаарында май куюучу жайда кишини ур-токмокко алган шектүү кармалды. Шаардык милиция ал балбан Акжол Махмудов эмес экенин ырастады.
Белгилей кетсек, интернет желесине алардын видеосу тарап, айрымдар сабаган жаран балбан Акжол Махмудов болушу мүмкүндүгүн жазышкан. Спортчунун атасы Мухамед Махмудов Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга уулунун тиешеси жоктугун, Акжол Ысык-Көлдө бир айлык аскердик кызмат өтөп жүргөнүн билдирген.