Президент балык уулоочу торлорду ыктыярдуу түрдө өткөрүүгө чакырды

Президент балык уулоочу торлорду ыктыярдуу түрдө өткөрүүгө чакырды

Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн тургундарынан балык уулоочу торлорун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Ички иштер министрлигине жана Жаратылыш ресурстары министрлигине ыктыярдуу түрдө өткөрүп берүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды. 

“Акыркы 5 жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатабыз. ИИМдин, ӨКМдин, Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери жайы-кышы дебей, көл үстүндө торлоду тазалап жүрүшөт. 

Эмгектерин баалайлы. Тор салбайлы. 

Жаратылышты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп берели.  Соң-Көл көлү менен Токтогул суу сактагычында да ушундай эле көрүнүш. 

Ошондуктан, кимде мурда алынып келинген торлор бар болгон болсо жогорудагы министрликтерге тапшырып берсеңиздер, өтүнүч.”-деген Жапаров.

15:29, 16-04-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар