Президент мыйзамсыз менчиктештирилип, мамлекетке алынган мүлктөр кайра кайтарылбай турганын айтты
Президент мыйзамсыз менчиктештирилип, мамлекетке алынган мүлктөр кайра кайтарылбай турганын айтты
Президент Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мамлекетке алынган мүлк, каражат боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК), Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана президенттин администрациясы тактоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.
Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде айтты. Президент толук маалымат жумуш аягына чыкканда берилерин кошумчалады.
“Эгерде чындап эле адилетсиз алынып калган болсо аны карап көрөбүз деп атабыз. Мыйзамсыз менчиктештирип алган, иш козголгондон кийин конфискация болуп мамлекетке өткөн мүлктөр кайтарылбайт. Муну ачык эле айтыш керек. “Мунуң мамлекетке өтөт” деп туруп машине, батир, акчаны өзүнө алып алган да окуялар чыгып атат. Булардын баарын алып, кайра ээлерине берип атабыз”, - деди президент.
УКМК Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганын билдирген.
Камчыбек Ташиев атайын кызматтын төрагасы кызматынан алынгандан кийин, бир катар ишкерлер мурда-кийин УКМКнын басым-кысымына кабылганын, мүлкүн мыйзамсыз тарттырып жибергенин айтып чыгышкан.
Башкы прокурор Максат Асаналиевдин сөзүнө караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкерлеринин мыйзамсыз жана коррупциялык иштерине байланыштуу Аскер прокуратурасы 18 кылмыш ишин козгоп, тергеп жатат. УКМКнын кызматкерлерине каршы 386 арыз түшкөн.