УКМКнын үч кызматкери кармалды

 

 

УКМКнын үч кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин үч кызматкери кармалды. Тергөөнүн маалыматы боюнча алар башка кызмат адамдары менен бирге ишкерлерден системалуу түрдө акча чогултуп келишкени айтылды. 

УКМКнын маалыматы боюнча, 9-апрелде бул ишке байланыштуу атайын кызматтын кызматкерлери А.К., А.А.Б. жана К.Д.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 

Мындан тышкары, бул схемага катышы бар деген шек менен ишканаларды текшерип жүргөн дагы үч мамлекеттик кызматкер кармалган: С.У.Ж., О.Г.И. жана К.У.Н.

Учурда агенттик мыйзам бузуулар үчүн жумуштан бошотулган адамдарды кайрадан жумушка алууга жол бербөө чараларын карап жатат.

14:05, 10-04-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар