Бишкекте алтынчы кабаттан кулап түшкөн 4 жашар кыз комадан чыкты
Бишкекте алтынчы кабаттан кулап түшкөн 4 жашар кыз комадан чыкты
Бишкектеги Жал кичи районунда алтынчы кабаттан кулап, оор абалда ооруканага жаткырылган төрт жашар кыз комадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Анын абалы туруктуу деп бааланууда.
Эске салсак, Жал кичи районунда бир аял эки баласы менен терезеден кулап түшкөн. Энеси алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде эсине келбей каза болгон. Кийинчерээк 2025-жылы туулган К.А. өмүргө туура келбеген жаракаттардан улам ооруканада каза болгон.
Дагы бир наристе, 2021-жылы туулган Ж.А., реанимация бөлүмүндө жаткырылган.