Сириядагы согушка катышууга шектелген жаран кармалды

 

Сириядагы согушка катышууга шектелген жаран кармалды

Ошто Сириядагы согушка катышууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Анда 1984-жылы Ош облусунда туулган А.Ф.Г. аттуу жаран чет өлкөдөгү согушка катышуу фактысы боюнча кармалганы айтылат.

Маалыматка караганда, ал 2014-жылдан бери УКМКнын издөөсүндө жүргөн 1984-жылы туулган Ош олбусунун И.Б.Н. аттуу тургуну тарабынан азгырылып, Түркия аркылуу Сирияга барып, "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун катарына кошулганы аныкталган.

Сурак учурунда кармалган жаран күнөөсүн моюнуна алып, аталган террористтик уюмдун ишмердүүлүгүн түшүнгөндөн кийин Сириянын аймагынан чыгып кетүү чечимин кабыл алганын айткан.

Учурда УКМК иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантып жатканын кошумчалады

09:00, 10-04-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар