Иттер талаган баланын абалы айтылды

Иттер талаган баланын абалы айтылды

Бишкекте иттер талап жабыркаган баланын абалы туруктуу канааттандырарлык деп бааланууда. 

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, бейтаптын абалында жакшыруу байкалууда. Бала азыр өз алдынча тамактанып, өзүн жакшы сезип калды. 

«Баланы алдыда бир нече этаптан турган реабилитация күтүп турат. Учурда тиешелүү адистер менен консилиум өткөрүлүп, кийинки керектүү операциялары такталууда», — деп белгилешти ооруканадан.Эске салсак, 1-апрелде Калыс-Ордо 2 конушунда коңшусунун короосуна кулап кеткен баланы бир нече ит талаган. Бала Шаардык медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасына жеткирилип, операция болгон.

11:54, 07-04-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар