Бир күндө 15 миңден ашуун бала 1-класска катталды

Кыргызстанда 1-апрель күнү 15 миңден ашуун бала 2026-2027-окуу жылына 1-класска электрондук түрдө катталды. Агартуу министрлиги маалымдагандай, каттоонун биринчи баскычы 1-апрелде саат 10:00дө башталган.

Саат 17:30га карай жалпы өлкөдө 15 626 бала жашаган жери боюнча зоналдык микроучастоктогу мектептерге катталды.

Бишкек шаарында — 4 478;
Ош шаарында — 510;
Ош облусунда — 2 630;
Жалал-Абад облусунда — 2 505;
Баткен облусунда — 1 641;
Чүй облусунда — 1 582;
Ысык-Көл облусунда — 1 104;
Нарын облусунда — 641;
Талас облусунда — 535;

Баланы 1-класска мектепке кабыл алуу анын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) арызынын негизинде "Электрондук жазуу" кызматы же 1mektep.edu.gov.kg платформасы, ошондой эле “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу өлкөнүн бардык аймактарында, эки баскычта жүргүзүлөт.

-биринчи баскычта балдар мектепке туруктуу катталган жери боюнча алынат.
- экинчи баскычта жашаган аймакта бош орун бар мектептерге кабыл алынат.

Биринчи баскыч 1-апрелде башталды, экинчиси 1-июндан тартып жүрөт.

 

11:30, 02-04-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар