ИИМ Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шаирбек Ташиевди кармады
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиевди “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык иштерге байланыштуу кармады.
“Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын иликтөө материалдарынын жана аудитордук текшерүүнүн негизинде “Кыргызнефтегаз” ААКсындагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ички иштер министрлиги тарабынан - мурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген Шаирбек Ташиев камалды”, – деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.
17-мартта ИИМ Мамлекеттик салык кызматынын "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы жемкорлук схемалары тууралуу иликтөөсү жарыялангандан кийин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин Шаирбек Ташиев ИИМдин Башкы тергөө кызматында бир нече жолу сурак берип чыккан.