Шаирбек Ташиев кайрадан суракка алынды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев кечээ кайрадан сурак берип чыкканын Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү маалымат булактар билдирди.

Ал Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан суракка чакырылган. Айрым маалыматтар боюнча, ал күбө катары сурак берүүдө, бирок кайсы иш экени айтылган жок.

Белгилей кетсек, Ташиев 13-мартта дагы суракка чакырылган.

 

10:26, 26-03-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар